www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова 1-апрелдеги жыйында коронавируска чалдыккан адамдар жөнүндөгү маалыматтарды ачыктоону сунуштады. Анын айтымында мындай кадам адамдардын жарандык жоопкерчилигин күчөтүп, жаңы учурларды тактоого жардам берет.
“Биз эмне үчүн жашырып жатабыз? Бул ВИЧ эмес го? Эгер алардын маалыматы ачык жарыяланса дартты жуктургандар менен байланышкандар өздөрү келип анализ тапшырышмак”,-дейт эл өкүлү Мавлянова.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталган. Алар:
⚡ Жалал-Абад ш. – 1
⚡ Сузак району – 1
⚡ Кара-көл ш. – 1
⚡ Чүй облусу – 1
“Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов.
2020-жылдын 1-апрелине карата республика боюнча 111 илдет тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.
Булак: NazarNews.kg