www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг Ундун ортосунда боло турган жолугушуу 12 - июнь күнү Сингапурда өткөрүлөт.
Дональд Трамп жолугушуу тууралуу билдирүүсүн твиттер аркылуу жарыялады.
Трамп : «Ким Йонг Ун экөөбүздүн ортобузда күтүлүп жаткан жолугушуу 12 - июнда Сингапурда өткөрүлөт. Экөөбүз тең бул жолугушуунун дүйнөнүн тынчтыгы үчүн өзгөчө бир учур болушу үчүн аракет кылабыз»,- деди.
Мындан мурда Ким менен өткөрө турган жолугушуу үчүн ылайыктуу жердин эки өлкөнүн чегинде орун алган аскерлерден тазаланган аймак экендигин билдирген Трамп мурунку күнү Ак үйдө берген маалыматында жолугушуу жерин 3 күндүн ичинде жарыялай тургандыгын жана бул жердин аскерлерден тазаланган аймак эмес экендигин белгилеген.
Дональд Трамп өзгөчө Түндүк Кореядан алынган 3 америкалык барымтаны кечээ түнкү сааттарда борбор шаар Вашингтондо тосуп алды жана бул кадамынан улам Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг Унга рахмат айткан.
Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ин жана Түштүк Кореянын лидери Ким Йонг Ун 27 - апрелде эки өлкөнүн чек арасындагы Панмунджом ок атышпоо айылында жолугушкан.
Лидерлер Корея жарым аралында туруктуу тынчтыктын түзүлүшүнө карата кадамдарга жана чечимдерге күбө болуу менен жарым аралды ядролук куралдардан тазалоо жана азыркы учурдагы ок атышпоону туруктуу тынчтык келишимине айландыруу тууралуу бирдей пикирге барышкан.
Булак: "trt.net.tr"