www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель революциясында элдин алдында жүргөн Доктурбай деген аксакал болгон. Бул аксакал мурунку президент А. Атамбаевдин айылдашы. Атамбаев десе баарына даяр болчу адамдардын бири эле. Доктурбай аксакал менен телефондо сүйлөшүп, анын айтчу сөздөрү көп экенин байкап, атайын Арашанга барып, таза абада аксакал менен маек куруп, анын айталбай жүргөн арманын уктум. Аксакал дагы катуу жарылды…

— Азыр Атамбаевге жолуксаңыз эмне деп айтат элеңиз?

— Атамбаевге жолуксам, биринчи эле “Эй лөлү, сага кыргыз эли эмне жамандык кылды? Эмне өчүң бар улутта? Ушуга жооп берчи?” деп сурайт элем. Канча карыз кылсаң, ошонун баарын төлөгүн деп тике карап айтмакмын.

— Азим Исабеков деген да мыкты азамат жигитиңер бар. Экөөсү эл чогулган жерлерде чогуу жүрүп калышабы?

— Ооба, Алмаздан тышкары Азим Исабеков деген жигитибиз бар. Ал премьер-министр болгондо, аксакалдарга тамак берип, бата алган. Ошондо дагы Алмаз чуркап келди. Азимге “Сен экөөбүздү Бакиев атайын кармаштырыш үчүн сени премьер-министр кылып койду” деп айтты. Көрсө, бул Азимдин жолун тосуп айткан экен да. Азим муну менен жумушу да жок, келбейт дагы. Урганым жок деп коёт. Азыр айылда Атамбаевди эч ким жакшы көрбөйт. Баары түшүндү.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости