www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия глобалдык таасирин арттырууну көздөп, азыркы нормаларды туруксуздаштыруу үчүн дүйнөлүк аренада бүлдүрүүчү ролду ойноп жатат. Москванын аракеттерине карата мындай баа Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин атынан жарыяланган АКШнын убактылуу улуттук коопсуздук стратегиясында берилген.

Документте Орусия Кытай сыяктуу эле белгилүү бир ресурсун АКШны алсыратуу үчүн коротууда деп айтылат.

Ошол эле маалда дүйнөдө АКШнын атаандашы Орусия эмес Кытай экени белгиленип жүрөт. Документте Кытай экономикалык кубаттуулугу, дипломатиялык аракети, аскердик жана технологиялык күчү менен туруктуу жана ачык эл аралык системага реалдуу коркунуч жарата турган АКШнын жападан жалгыз атаандашы экени айтылган. Мындан тышкары АКШ куралдануу жана стратегиялык туруктуулук маселесинде Орусия жана Кытай менен диалогго барууга даяр экени да белгиленген.

Стратегияда авторитаризм дүйнөлүк тренд катары өрүш алып, демократияга, АКШга жана анын өнөктөштөрүнө коркунуч жаратып жатканы жана демокртиялык нормаларды коргоо зарыл экени айтылат.

Ошол эле маалда АКШ тышкы саясатта америкалык азчылыктарга эмес, АКШнын баалуулуктарын алдыга сүрөгөн өлкөнүн көптөгөн жарандарына кызмат өтөшү керектиги белгиленет. Стратегияда расизм, дүйнөлүк аренадагы дискриминация, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана кишилердин жашоо деңгээлин көтөрүүгө көңүл бөлүнгөн. Документте АКШнын Европа жана Азия өлкөлөрү менен өнөктөштүк мамилесине да өзгөчө маани берилет.

Последние новости