www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын 46-президенти Джо Байдендин жубайы Жилл Байден мугалимдик кесибин уланта берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Жилл Байден 8 жылдан бери Түндүк Виржиниядагы коомдук окуу жайда англис тилинен сабак берип келген. Биринчи айым катары ал сөзүндө, мектеп мугалимдерине жана ЖОЖдун окутуучуларына пандемия учурунда жасаган каармандык иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
--«Мен эч качан өз кесибим менен сыймыктанган эмес элем. Бул пандемияда тарбиячылар өз окуучуларына жана студенттерине эрдик менен мамиле жасашты. Жалпы элдин атынан сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Сиздер ушунчалык күчтүүсүздөр», — деди.
Жилл Трейси Джейкобс 1951-жылы Нью-Жерсиде туулган. 1987-жылы Пенсильвания штатындагы Вилланов университетин аяктаган. Окууну аяктагандан ушул күнгө чейин мугалимдик кесипти аркалап, англис тилинен сабак берип келет. Жо Байден менен 1975-жылы таанышып, 1977-жылы баш кошушкан.
Булак: NazarNews.kg