www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда эки айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке 19 млн. сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Райондук прокуратура Тегене жана Ак-Суу айыл тургундарынын арыздарынын негизинде текшерүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол бергени аныкталган.

Айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин кесепетинен мамлекетке 19 366 037 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган.

Райондук прокуратура бул факты боюнча Жазык кодексиндеги 320-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 233-берене ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости