www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 1-апрель күнү саат 07:00дөр чамасында Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери “102” кызматына Кара-Суу айылынын 14 жаштагы тургуну аталган оорукананын төрөт бөлүмүндө төрөгөндүгүн кабарлаган.

Аталган окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (“Зордуктоо”) менен сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

“5-апрелде Аксы районунун 17 жаштагы А.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости