www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-класста окуган кез. Ноокат. Чоң атамдын үйү. 

Таң заарда чоң атам мени “ойгон” дегенсип, бөлмөм жакка келип күрс-күрс жөтөлүп коёт. Тура калып эле аткана жакка бет алам. Көк ат меники эле. Жоош болчу. Чоң атам жасап берген кичинекей үстөлдү коюп алып, ээр токуйм. Басмайылды тартам деп канча жолу белим менен жерге “бүк” түштүм. Эптеп иймеңдеп жүрүп, жерге жарык кирээрде атты токуп минип чыгам. Чоң атам нан, айран, алма, курут салынган куржунду камдап алып, көпкө күтүп тураар эле. Корообуздун эшиги көчө жакта. Атам “сен аттан түшпөй эле кой” дегендей ишарат берип, эшикти ачып койлорду “кош, кош” деп жолго салып берет. Дайыма “сени Кудай колдосун, этият бол, койлорду жоготпо” деп узатып калат. 

Койду адырга айдап баратып, кээде аттын жалына башым жөлөп, моюнунан кучактаган бойдон уктап калам. Көк атым жолду жакшы билет, эстүү эле. Мени да жыгытпай, койлорду да качырбай адырга айдап барчу. Жеткенде бышкырып ийчү. Бул жоошумдун “жеттик” деген белгиси. Койлорду жайытка кенен жайып коюп, аттын ээр-токумун чечип, шиберге аркандап коём. Жашыл килем чөпкө отуруп алып, айылды үстүнөн карап отуруп нанүшта кылчумун.

Мына керемет. Мен адырга жеткенче, күн нурлары ар бир айылдашымдын жүзүн өөп чыгат. Келиндер эчак эле көчөсүн шыпырып кирип кетишкен. Жеңелердин жерге суу сепкендеги топурактын жагымдуу жыты адырга чейин жетип барат. Бийикте отуруп алып, айылдын бул башынан, наркы башына чейин сыдырып тиктеп, айранга нанды туурап жеп отурам. Оо, ошондогу нан менен айрандын айкалышкан даамы азыр да оозумда, жыты мурдумда. Чоң атам куржунга дайыма китеп салып койчу. Кээде куржундан атамдын эски комузу, а кээде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кошо келчү. Курут соргончо, койлорго көз сала, далай китеп окугам. Канча сап ырларды жазгам. 

Кээде жылаңаяк болуп алып, “тоолооооооор” “мени уккууууулааааааааа!”, “мен Актилекмииииииииин!” деп, шамал менен жарышып, адырдан-адырга чуркачумун. Атты жайдак минип алып, ак карлуу чокуларга жетем деп чаап кетчүмүн. 

Эхх.........

Булак: NazarNews.kg

Последние новости