www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы Алмаз Шаадаевдин 2017-жылы жарык көргөн "Жаркырасын Кыргызстан" аттуу ыры "КТРКдан" кетпегендиктен, бул ырга сөз жазган акын Кудрет Тайчабаров телеканал ээлерине кайрылуу жасады. 

"Урматтуу Ilim Майрамбекович! Урматтуу жеке телеканалдардын ээлери, продюсерлери! Ушул Эдил, Алмаз инилерим менен биргеликте жараткан ырыбызды коркпой эле эфирден кетирип берсеңиздер, кыргыз үчүн жакшы бир кызмат кылган болот элеңиздер. Туура, бул жерде чиновниктер сындалган, бирок, конкреттүү адамдын аты айтылган эмес. Мындай чоңдор Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун учурунда деле болуп келишкен. Ошондой чоңдордун пайда болушуна добушун саткан эл өзү күнөөлүү экенин гана айтып жатабыз. Андан сырткары байпак токуп небересинин ден-соолугуна кам көргөн чоң энелер сериал көрүп мурункудай чоң эне боло албай жатканы, жер-жемиш кытайдан келип акырындан ууланып жатканыбыз, элдин пейли бузулганынан кабар берип жер кайра-кайра титиреп жатканы, сойку сымал соттор сатылып жатканы жана башка жалпы көйгөйлүү маселелер айтылган. Кайсы канал ушул ырды эфиринен коркпой кетирсе, ошол канал чыныгы элдик канал деп эсептейм."

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости