www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укугун коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу тушүндүрмө берди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Прокуратуранын маалыматына караганда, активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга карш жихадга чакырган" деген айыптын негизинде кармалды. Активистке карата «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча тергөө иштери быйыл 21-февралда, жергиликтүү тургундун арызынан кийин башталган. Бирок прокуратура арыздануучунун аты-жөнүн айткан жок.
Көзөмөл органы Серикжан Билаштын сөздөрүндө улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бардыгын 5-мартта экспертиза аныктаганын, ал социалдык тармактардагы видеолор, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен да ырасталганын билдирди.
Маалыматта Серикжан Билаштын Кытайдан келген кайрылман экени жана казак жарандыгын алганы эске салынган. Активисттин ысымы документтерде Серикжан Бияш деп жазылган, бирок ал Кытайда фамилиясы туура эмес жазылган деген негизде өзүн Билаш деп тааныштырып жүрөт.
Билаш 10-марттын түнү Алматыда кармалып, Астанага жеткирилген. 11-мартта сот аны үй камагына чыгарган. Ал эки айга чукул мөөнөттө үй камагында болот.
Билаш Кытайдын Шиңжан аймагындагы казак-кыргыздардын укугун коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмун жетектейт. Аталган уюм Кытайдагы улуттук азчылыктар, казактар куугунтукталып жатканын, Шинжаңда «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» бар экенин алгачкылардан болуп жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg