www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист сотто өзүн кекиртекке сайды

Беларуста активист Степан Латыпов сот жыйынында кекиртегин тилип салып, ооруканага жеткирилди.

“Весна” укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, активист өзүнө кол салардын алдында атасына кайрылып, “Ата, сизге жолуккандан кийин эгер тагылган күнөөнү мойнуңа албасаң, жакындарыңды жана коңшуларыңды кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп айтышты”, — деген.

Сотко катышкан күбөлөрдүн айтымында, ал кекиртегине калем сапты сайып салган. Күзөтчүлөр ал кармалып турган темир торду дароо ача алышкан эмес. Ачкыч табылып, эшик ачылгыча Степан эс-учун жоготуп койгон.

Активистти “Тез жардам” алып кетип, операция жасалганы, абалы канааттандырарлык экени кийин кабарланды.

Степан Латыпов 15-сентябрда үйүнүн короосунда тартылган оппозициянын символдорун өчүрүп жаткандарга жолтоо болгону үчүн кармалган. Анын үйү тинтилген. Акырында Латыповго “Милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн”, “Коомдук тартипти одоно бузган башаламандык уюштурган”, “Ири көлөмдөгү алдамчылыкка барган” деген беренелер боюнча айып коюлган.

Латыпов былтыр жайдан бери кармалган он миңдеген беларустардын бири. Соңку президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Оппозиция жана анын тарапташтары добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартып, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып демонстрацияларга чыгышкан. Ошондон бери өлкөдө саясий кырдаал курчуп турат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости