www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды. Анын видеосу Bashta Telegram каналына жарыяланды.

Кадрларда чачылган нерселер көрүнүп турат. Видеонун автору издөө иштери кечээ саат 18.20да жүргүзүлгөнүн айтат.

14-августта милиция кызматкерлери Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди алып кетишкен. Ал ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, андан соң кармалган.

Кийинчерээк УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев суракка чакырылган.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенинин айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берген. Ал бул тармакты өнүктүрүүгө каршы чыккан активисттер менен саясатчыларды элди алдаганды токтотууга чакырды. Ырыс Жекшеналиев Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга жайгаштырылды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости