www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши мэрлик кызматка Азиз Суракматовду шайлады. Анын борбор калаа мэрлигине келишине  нааразы болгон жарандык коом мэрия алдында митингге чыгышкан.

Жарандык коом коюлган талаптары аткарылбаган соң нааразы тарап 1-май райондук сотуна арыз менен кайрылышты.

Демилгечилердин бири журналист Канышай Мамыркулова болууда.  Демилгечи өз арызында тил комиссиясы өз ишин жакшы аткарбаганын жазган.

Мындан сырткары «Кыргыз тест» БШК жана Кыргыз өкмөтүн да арызга кошуп, сот жоопкер тараптарга укуктук баа бериши керектигин талап кылышууда.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

Азиз Суракматов- ишкер катары белгилүү. Бишкек шаардык кеңешинде, парламентте депутат болгон. Мэрияда жана башка мекемелерде иштеген.

Булак: NazarNews.kg

.

Последние новости