www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 8-августта Чолпон-Ата шаарында чет жакта миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген "Мекендештер" форумуна катышып жаткан президент Сооронбай Жээнбеков катышуучуларды өз мекенинде ишкердик кылууга чакырды. Ал Салык, Бажы кодекси өзгөрүп, жеңилдиктер киргенин айтты.
Бул тууралуу "Азаттыктын" Ысык-Көлдө жүргөн кабарчысы Канымгүл Элкеева кабарлады.
- Урматтуу мекендештер, азыр дүйнө жүзүндө өнүгүүнү камсыз кылган базалык техникалар эскирип, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Ар бир мамлекет өзүнүн келечектеги жолун издөөгө мажбур болууда. Кыргызстан да өнүгүү жолуп аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын сөзсүз эске алуу керек. Силердин омоктуу ойлоруңар, рационалдуу сунуштарыңар эске алынат. Дүйнөдөгү Кыргызстандын орду өзгөрдү, өлкөнүн кылган иш-аракети өзгөрдү, бул мекендештерди колдоо багытында мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл экенин көрсөттү. Мекендештер менен иштей турган кеңеш түзүү ниетим бар. Аны президентке караштуу кеңеш кылуу максатым бар, -деди президент.
Эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештер" форуму быйыл төртүнчү ирет уюштурулду. Быйыл ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Муну менен иш-чара уюштурулгандан бери президент биринчи жолу катышууда.
Форумда сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстандын аймактарына кошкон салымы тууралуу талкуу, диалог болот.
“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келген “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.
Булак: NazarNews.kg