www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жарандык активисттер шаардык кеңештеги фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү таштандыга ыргытты. Алар мэрликке Азиз Суракматовдун шайланышына нааразылык иретинде ушундай кадамга барды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

8-августта шаардык кеңеште мэр шайлоо болуп жаткан учурда сыртта активисттер каршылык акциясын уюштурду. Алар калаа башчылыгына КСДП фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындап, башка фракцияларды "алсыз" деп айыпташты.

Колдоруна шаардык кеңешке нааразылык билдирген жазууларды, фракциялардын аты жазылган сөлөкөттөрдү көтөрүп, депутаттардын таратууну талап кылышты.

Активисттер мэрликке сунушталган Азиз Суракматов кыргыз тилин жакшы билбесе да сынактан өткөнүнө нааразы болуп жатат. Пикеттин уюштуруучусу Канышай Мамыркулова Мамлекеттик тил комиссиясынын үстүнөн сотко арыз жазарын билдирди.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

8-августта шаардык кеңеш көпчүлүк добуш менен Суракматовду мэр кылып шайлады. Шаардык кеңеште беш фракция бар - КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости