www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жарандык активисттер жол кырсыктарын азайтуу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылып митингдердин сериясын баштады.

"Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылынын аткаруучу директору Рита Карасартованын айтымында, активисттер жол кырсыгын азайтууга салым кошо алчу же ага тиешеси бар мекеменин алдында күн сайын өз талаптарын айтып турушат.

- Азыр күндө кырсык катталып, адам өлүп жатат. “Коопсуз шаар” долбоору качан кирет, сот жүрүп жатат деп эле отура беребизби? Чукул чара көргүлө деп талап кылып жатабыз. Былтыр президент бул маселени өз көзөмөлүнө алганын айткан. Ал эмне болду? Мына ушуну билгибиз келет. Эгер тиешелүү органдардын колунан келбесе, биз да көмөктөшөлү деп чыгып жатабыз.

Митингге чыккандардын суроосуна Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын штаб башчысы Жакып Жумаев жооп берип жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күндө үч киши жолдо каза болот дегенди билдирет. Ал эми өлкөдө катталган жол кырсыктарынын ар бир үчүнчүсү ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгат. Жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталса, анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болгон.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости