www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маселе Өзбекстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Азиза Абдухакимова менен Жапониянын социалдык камсыздоо корпорацияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу маалында талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин жыл соңуна чейин миңге жакын медайым Жапонияга иштөө үчүн жөнөтүлөт деп күтүлүүдө. «Жапонияда балдардын төрөлүү саны азайып жатат. Ал жакта улгайган адамдарды караганга киши жетишсиз. Бул тартыштыктын ордун толтуруу үчүн жапон корпорациялары өзбекстандык медайымдарды жумушка алуу программасын ишке киргүүзүнү каалашат», - деди Өзбекстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин өкүлү.

Анын айтымында, жапон делегациясы узак мөөнөттүү кызматташууну жолго коюуга ниеттенүүдө. Учурда жаш курагы, тажрыйбасы өңдүү жумушчуларга коюлчу бир катар талаптар талкууланууда.

«Тандоодо жумушчунун медициналык билимге ээ болушу анча маанилүү болбойт. Жапондуктар иштөө үчүн бир нече айга созулган атайын курстардан өтүү гана жетиштүү экенин айтышууда. Алар эгер жапон тилин билсе азыр деле 35 медайымды алып кетүүгө даяр экендиктерин билдиришти», - деди министрликтин өкүлү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандагы айрым медициналык окуу жайларга жапон тилин киргизүү мүмкүндүгүн жөнүндө да сөз болду.

Жапон корпорациялары негизинен ооруканалардагы, карылар үйлөрүндөгү жана санаторийлердеги улгайган адамдарга кызмат көрсөтүшөт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости