www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көкүмбек Таштаналиев жетектеген Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча биздин гезитке жарыяланган макалага жооп беришти. Маселенин өзөгү башкадабы?

Гезитибиздин өткөн №2 санынын (402) 11-бетинде: «Таштаналиевдин «коррупциясын» ким тыят же Суу чарба департаментиндеги 210 миллион доллар кайда жоголду?» деген аталыштагы материал жарык көрүп, ал макалада департамент жетекчи Көкүмбек Жумагуловичке бир нече критерийлер менен суроолор коюлган эле. Гезит жарыкка чыккан соң департамент кызматкерлери үн катышып, коюлган ар бир суроого өздөрүнүн жообун узатып, бир далай фактыларды далили менен беришти. Маданияттуу мамилеге баш ийип, ММКнын мыйзамына ылайык экинчи тараптын пикирине гезит бетинен орун берүүнү туура көрдүк. Анткени, Көкүмбек Таштаналиевге карата каралоо компаниясы жүрүп жаткандыгынын жел аргысы сезилип туру. Ошондой эле аны, «мурдагы бийликтегилерди бүгүн да колдоп жатат» деген курулай доомат, жалган айыптоолор менен Таштаналиевдин ордуна өз кишилерин койгусу келген айрым кызыкдар топтордун арам аракеттери байкалууда. Демек, биз департамент ишине тилектеш экендигибизди билдирип, алардын жообун толугу менен жарыялайбыз.

Урматтуу Амантур Мусагул уулу!

Сиз жетектеген  “Де-факто” газетасындагы 18.01.2019-жылдын №2 (402) санында жарыяланган  “Таштаналиевдин коррупциясын “ким” тыят же суу чарба Департаментинде 210 млн. долл. кайда жоголду?” – деген макаласына Суу чарба жана мелиорация департаментинин жааматынын атынан төмөнкү такталган маалыматы билдирүүбүз менен Сизге кайрылууну туура таптык.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Указы менен бекитилген 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына 16 ирригациялык инвестициялык долбоор киргизилген. 2013-2017-жылга чейин Стратегияда инвестициялык ирригациялык курулуш долбоорлорго жалпы каралган каржы булагынан 81 млн. АКШ доллар бөлүү, 11306 га жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү жана 230 курулуш техниканы алуу каралган.

“Де -Факто” газетасында жазылган макалада 81 млн. долларга жыл сайын 10 миң жаңы сугат жер өздөштүрүү стратегиядагы инвестициялык долбоорлорунда жок.

Макалада НСУРга 2013-2016-жылдар аралыгында 210 млн. доллар  (1млрд. 375 млн. сом) бөлүнгөн деп жазылган. 210 млн. доллар азыркы курс менен 14 млрд. сомду түзөт. Бул каталык жана туура эмес маалымат. Стратегияга 2013-2017-жылы Түрк Республикасынан келген кредит 1,6 млн. доллар түзөт жана мамлекеттик бюджеттен 1335 млн. сом берилген, башка бюджеттик каржылоо жана инвестициялык колдоолор бул убагында болгон эмес.

Ошондой эле республикалык бюджеттен 93 млн. доллар (619 млн. сом) суу чарба объектилерине техника сатып алуу жана курулуш монтаждык иштерди жүргүзүү үчүн бөлүнгөн деп жазылган. Бул маалымат туура эмес. 2016-жылга чейин НСУРдун чегинде Түрк Республикасынан келген кредиттен 1,6 млн. доллар берилген. Мамлекеттик бюджеттен 786 млн. сом берилген. Бирок мамлекеттик бюджеттен техниканы сатып алууга каражат бөлүнгөн эмес.

Макалада 50 млн. доллар 3500 гектар жерди өздөштүрүү үчүн Кадамжай районундагы Бүргөндү массивине бөлүнгөн деп жазылган. Бүргөндү массивин өздөштүрүүгө Түрк Республикасынан келген кредиттен 6 млн. доллар бөлүнгөн жана 3850 гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлгөн,  анын ичинен 350 гектар сугат жер экономиянын эсебинен аткарылган.

Макалада 60 млн. доллар Кадамжай районундагы Каракыштак-Боз каналын курууга бөлүнгөн деп жазылган. Бул маалымат да туура эмес. Ушул объектке мамлекеттик бюджеттен  2016-жылга чейин 320 млн. сом берилген же болбосо 5 млн. долларга барабар.

Жогорудагы көрсөтүлгөн баардык каражат булактары жөнүндөгү маалыматтар  тастыкалбаган суммалар апыртып көбөйтүлүп жана эч чындыкка жатпаган маалымат болуп эсептелет.

Долбоор боюнча Аксы районундагы Ринжит өрөөнүндөгү “Беш-Батман каналдын суу өткөрүмдүүлүгү 3,6м3/с., узундугу 7,46 км түзөт. Аксы райондук суу чарбасынын жетекчиси Суу чарба курулуш объектилеринин дирекциясына жана ХМО ДВХсуна жазган кайрылуусунда Ринжит каналынын кээ бир жерлеринде суу өткөрүү сыйымдуулугу 2,5 м. 3 сек. ашпайт деп көз болжол менен айтылган. Бирок каналды атайын адистер барып, ченөөлөрдү өткөргөндө долбоордо көрсөтүлгөн суу каналга бата турганы жана чөккөн жерлер жок экендиги аныкталган. Беш-Батман каналы 5 жылдан бери иштеп, суу пайдалануучуларга сугат суу үзгүлтүксүз берилип жатат.

Суу чарба объектилердин курулушу Кыргыз Республикасынын Курулуш Өлчөмдөрүнүн жана Эрежелеринин (СНиП) негизинде аткарылат. Курулуучу объектилердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекттетик агентигинин техникалык сыноосунан өткөндөн соң гана курулуш-монтаждоо иштери башталган.

Объекттилерди пайдаланууга тапшыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын буйругунун негизинде жергиликтүү комиссисы тарабынан кабыл алынган.

Учурда суу чарба жана мелиорация департаментинде иштеп жаткан 112 насостук станциялар 1970-1980-жылдары курулуп, пайдаланууга берилген. 2012-жылдан баштап республика боюнча эки баскычтуу каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу суу чарба объектилерине пайдаланууга каралган акча-каражаттар түздөн-түз райондук жана бассейиндик суу чарба башкармалыктарына бериле баштаган. Вегетация мезгилинде сел кырсыктардан жапа чеккен объектилерди кыска мөөнөттө калыбына келтирип, насостук станциялардын иштен чыккан жабдууларын ыкчам алмаштырып, кыска мөөнөттө сугат суу берүүнү уюштурууну эске алуу менен республикалык бюджеттен капиталдык калыбына келтирүү беренеси боюнча жалпы каралган каражаттын 5-6% 2016-жылга чейин суу чарба жана мелиорация Департаментинин маркетинг кызматы аркылуу сатып алуу жумуштары жүргүзүлүп, муктаж болгон райондук жана бассейндик суу чарба башкармалыктарын камсыз кылып турду.

Андан сырткары, 2015-жылдан баштап, суу чарба объектилерди жылдын сугат сезонуна даярдоо маселесин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын каржы министрилиги тарабынан капиталдык оңдоолор статьясы боюнча жылга каралган каражаттын 70-80% жылдын биринчи жарым жылдыгында каржылоо маселеси чечилгенден кийин, 2015-жылдын аягында суу чарба жана мелиорация Департаментинин маркетинг башкармасы жоюлуп, 2016-жылдын башынан баштап бюджеттик каражаттар борбордук казнадан толугу менен түздөн-түз райондук жана бассейиндик суу чарба башкармалыктарына которулуп жана тендердик сатып алуу процедуралары жеринде алар аркылуу жүргүзүлгөн.

Насостук станциялардын максималдуу толук кубаттуулуктагы өлчөмдүк пайдалануу мөөнөттөрү 12-15 жылды түзөт. Бирок, насостук станциялар 40 жылга жакын мөөнөттө иштегенине байланыштуу, көпчүлүк насостук станциялар толук реконструкциялык  иштерге муктаж жана иштен чыккан гидромеханикалык, электромеханикалык жана башка жабдыктарын алмаштыруу, айрым учурларда агрегаттарды толугу менен жаңылоо жолу менен сугат берилип келүүдө. Ал эми  каналдарга ремонт иштерин жүргүзүүгө жана насостук станциялардын жаңылоо, алмаштыруу жумуштарын аткарууга орто эсеп менен жылына 500-600 млн.сом көлөмүндөгү каражат талап кылынат, бирок республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу иш жүзүндө насостук станцияларды ремонт иштерин 50-60 млн. сом көлөмүндөгү каржы булактары каралат жана анын ичинде, авариялык учурларда тез-арада запастын бөлүктөрүн камсыз кылуу үчүн Департаменттин маркетинг кызматы аркылуу 2014-жылы 14,1 млн. сом, 2015-жылы 7,3 млн. сом, 2016-жылы 3,1 млн. сом. жумшалган.

2014-жылы тендердик негизде «Шатурный А.А.» ЖИнен 2014-жылдын 7-майында №13-кириш накладная менен Д 1250-125 630 кВт, 10 даана насос 3 592 000 сомго сатылып алынган жана 2014-15-жылдары райондук суу чарба башкармаларына таркатылып берилген.

Жогоруда аталган насостук агрегат «Эркин-Тоо», «Слово Кыргызстана» газеталарына жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин порталына 2014-жылдын январь айында жарыя берилип, 2014-жылдын 19-февралына карата  5 катышуучудан заявка түшкөн жана комиссиянын катышуусу менен тендерге  катышуу үчүн сунушталган заявкалар ачылган. Катышуучулардын ичинен техникалык жана баа талаптарына ылайык деп 2014-жылдын 17-мартында тендердик комиссиянын протоколуна ылайык «Шатурный А.А.» ЖИсы тендердик сатып алуунун жеңүүчүсү деп табылган.

Ошол эле жылы тендердик негизде «Подшипниковый центр ЛТД» ЖЧКнан 2014-жылдын 17-июлундагы №21 кириш накладная менен 1 даана насостук агрегат Д 4000-95 1600 кВт электродвигатели менен 4 720 000 сомго сатылып алынган. Ал агрегат №108-накладная менен 2014-жылдын 30-июлунда Нарын райондук суу чарба башкармасына берилген жана техникалык талаптарга жооп берген, бюджеттен каражат сарпталган эмес, ошондуктан эч кандай кайрадан жасоо болгон эмес. (Нарын, Кемин райондук суу чарба башкармаларынын каттары тиркелет).

Ал эми 356 125 сомго Д 4000-95-2 (22 нДс), 722 962 сомго  Д 6300-27(32 Д19), 473 255 сомго  ЦН 1000-180 насосторуна запастык бөлүктөрдү жана 1 925 000 сомго Д 6300-80 (24 нДс) насосун сатып алууга «Эркин-Тоо» жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин порталына 2014-жылдын февраль айында жарыя берилип, 2014-жылдын 26-мартында тендерге катышуучулардын тендердик заявкаларын ачуу болгон. Катышуучулардын ичинен техникалык жана баа талаптарына ылайык деп, 2014-жылдын 11-апрелинде түзүлгөн тендердик комиссиянын протоколуна ылайык «Подшипниковый центр ЛТД» ЖЧКсу тендердик сатып алуунун жеңүүчүсү деп табылып, аталган ишкана менен сатып алуу жөнүндө келишим түзүү сунушталган. Тендерге катышууга чакыруу каттын, тендердик заявканы ачуу протоколунун жана сатып алуу процедурасынын протоколунун көчүрмөсү 19 баракта жана 2014-жылдагы насос агрегаттарынын, электродвигателдердин КМШ өлкөлөрүндөгү баасы боюнча прайс-барактары 3 баракта тиркелет.

Статьяда түрк кредити аркылуу үч жылдын ичинде сатып алынган 244 даана техниканын 30% гана иштеп турат деп көрсөтүлгөн. План боюнча 230 даана техника сатып алууга көрсөтүлсө, иш жүзүндө тендердик үнөмдөөнүн негизинде 244 даана курулуш техникасы сатып алынган.

Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2018-жылдын 29-мартындагы №-02-7/105 буйругунун негизинде ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, 2012-2013 жылдары Түрк кредитинин эсебинен алынган курулуш техникаларынын абалы Чүй облусундагы баардык райондору боюнча текшерилген. Кредит боюнча Чүй облусуна берилген 40 даана техниканын 38 даанасы жумушчу абалында, 2 техника кезектеги оңдоо учурда экени аныкталып, жумушчу тобу тарабынан жыйынтыкталган. Андан сырткары баардык бассейндик суу чарба башкармалыгындагы Түрк кредити боюнча алынган курулуш техникалары, суу чарба объектилери пайдалануу боюнча өлчөмдөрдүн негизинде иштетилип жатат. Суу чарба жана мелиорация департаменти аркылуу алынган техникалардын техникалык абалы жыл сайын текшерилип турат. Бассейндик суу чарба башкармалыктардын 2018-жылдын сугат сезонуна карата курулуш техникаларынын техникалык абалын текшерилгендиги жөнүндөгү маалыматтар  жана экотехинспекциянын справкалары тиркелет.

Ошондой эле, биздин Департаменттин башкы директору жөнүндө да билдирүүбүздү камтып кетүүнү туура таптык. Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович жөнөкөй инженер-гидротехник адистик кызматтан 30 жылдан ашык убакыт Суу чарба тармагынын райондук, областык жана Суу чарба департаментинин биринчи жетекчилик кызматтарын аркалап Суу чарба тармагынын  калыптануусуна өзүнүн чоң салымдарын кошуп келүүдө. Анын үзүрлүү эмгегин Мамлекеттик деңгээлде бааланып, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери деген ардактуу наамдын ээси жана дагы бир нече Мамлекеттик жана  Өкмөттүк сыйлыктардын ээси.

Азыркы мезгилде, Суу чарба тармагы учурдун талаптарына ылайык К.Ж.Таштаналиевдин иш билгилик жетекчилик алдында суу ресурстарын башкаруу багытындагы стратегиялык өнүгүү концепциясынын үстүндө иш алып баруудабыз жана бул келечектүү стратегиялык концепциянын долбоорун 2019-жылдын март-апрель айларында Кыргыз Республикасынын суу боюнча улуттук кеңешинин кароосуна сунушталат. Суу боюнча улуттук кеңештин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Премьер-миристри.

Өзүбүздүн билдирүүбүздү аяктап жатып, газетадагы суу чарба тармагынын жана анын жетекчисинин дарегине көрсөтүлгөн айыптардын орду жоктугун билдирүү менен “Де-Факто” газетасынын кийинки санына калыстык иретинде биздин билдирүүбүздү да чагылдырып, гезиттин окурмандарына маалымат иретинде билдирип коюңузду суранып, Суу чарба жана мелиорация департаментинин жааматынын атынан:

Э.Жусуматов, Башкы директордун орун басары,

М.Дуйшеев, үнөм, каржы жана эсеп башкармасынын башчысы,

А.Сокеев, Суу чарба курулуш объектилеринин дирекциясынын  директору,

Ж.Ашымбаева, Техникалык саясат жана инвестиция бөлүмүнүн башчысынын м.а.             

Н.Мийзамидинов, Машина менен сугаруу,энергетика жана механизация бөлүмүнүн башчысы,

З.Ибраимова, Оңдоо жана курулуш бөлүмүнүн башчысы

Редакциядан:

Ооба, макаланын башында айтылгандай Суу чарба департаментин сындаган макала басканбыз, жетекчи Көкүмбек Таштаналиевге суроо багыттап. Макала боюнча аталган департамент өз чындыгын айтты. Эрежеге ылайык биз ага орун бердик.

Гезитке чыккан макалага өз учурунда реакция кылып, жооп берип тактоо киргизген Суу чарба департаментинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирүү менен, Көкүмбек Таштаналиевдин мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз!

Булак: Де-факто

Последние новости