www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1. Жанат Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды

Жанат Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Атайын жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

2. Президент Сооронбай Жээнбеков Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын Элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-январда Украинанын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко, Индия Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алока Амитабх Димри, Куба Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эмилио Певида Пупо, Словакиянын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар жана Ливан Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жискар Эль-Хуринин Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошууга ишенимин билдирди.

Ар бир Элчи менен сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу өз ара кызматташуунун кеңири тармагы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкта Кыргызстан айыл чарба, транспорттук жана авиа байланыштар, туризм, жеңил өнөр жай, билим берүү, медицина, илим жана техника, өлкөнү санариптештирүү тармактарында мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы ЕАЭБ жана Кыргызстандын ВСП+ макамынын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эске салды.

«Аталган тармактарда кызматташуу биздин эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана достук мамилелерге жаңы дем берет деп ишенебиз», — деп баса белгиледи Президент жана Элчилердин биздин өлкөлөрдү өнүктүрүүгө арналган дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Индиянын Элчиси Алока Амитабх Димри менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин алдыда Кыргызстанга боло турган иш сапарына байланыштуу маселелер кеңири талкууланды.

Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын Элчилери Президент Сооронбай Жээнбековду кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, өлкөлөрдү жакындатууга бардык күч-аракетин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

3. Бишкекте Ленинградды курчоодон толук бошотуунун 75 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

Бүгүн, 25-январда, Бишкекте Ленинград шаарын фашисттик курчоодон толук бошотуунун 75 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Ленинград курчоосунун каармандарына арналган Мемориалдык комплексте өткөн митинг-реквиемге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, «Ленинград курчоосундагылардын кыргыз коому» акционердик коомунун төрагасы, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Анна Кутанова, Бишкек шаарынын тургундары жана мектеп окуучулар катышты.

Ленинградды курчоодон толук бошотуунун 75 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости