www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздүн көзгө басаар Улуттук госпиталынын башкы дарыгери болуп, Д.Сагинбаева дайындалган кундөн тарта, тополоң эмес тартип орнотууга баардык дараметин жумшап келе жатат.

Тилекке каршы мындай тартипке көнбөгөн, өзү билип өтүгүн төргө илген Салтанат Иманбаева, Д.Сагинбаеваны болушунча каралап, өзүнүн иш бузуулары жөнүндө, жамаат менен иштеше албаганын жашырып, Сагинабаеванын кадр маселесине шылтоолоп, дагы эле суудан кургак чыгууну көздөп келе жатат.

2017-жылдын аягында бейтап Р.Умралиева, Салтанат Иманбаева белгилегендей врачтын шалаакылыгынан эмес, кант диабетинин өрчүшүнө улам, бөйрөктүн иштен чыккандыгына байланыштуу каза болгон. Бөлүмдөгү жасала турган операциялар бөлүм башчынын уруксааты жок жасалбайт. Иманбаева Умралиевага жасала турган операцияга руксаатты өзү берген. Операция ийгиликтүү аяктап, көрүү мүмкүнчүлүгү калыбына келгени менен тилекке каршы жогоруда белгилегендей кант диабетинин өрчүшүнөн улам каза болгон.

Бейтап бөлүмдө даарыланып жаткан учурда бөлүм башчы катары Иманбаев оорулуулардын даарыланган тууралуу көзөмөл кылышы керек эле. Бирок бейтапты көрүш эмес, оорлошуп баратканына байланыштуу кафедра мүдүрлөрү менен кеңешме өткөрбөй тескересинче Бушуеваны күнөөлөп, куугунтуктап баштаган. Бейтаптын өлүмү тууралуу Иманбаев белгилегендей анын талабы менен эмес, Улуттук госпиталдын администрациясы белгилеген ич ара кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Ал эми потолого-анатомиялык экспертиза бейтаптын туугандарынын уруксатсыз өткөрүлбөйт. Умралиеваныны туугандары да экспертизага берген эмес.

Бул окуядан кийин кызматтык иликтөөлөр аягына чыгып,С.Иманбаева бөлүм башчы катары жоопкерчилик тарта тургандыгын билгенден кийин шалаакылыгын жашыруу максатында  жана жаза алуудан качып, 2017-жылы 25-декабарды 9-январь 2018-жылдын өткөн датасы менен эмгекке жарамсыз кагазын алып алган. муну менен эле чектелип калбастан иштеп жүргөнүн жашыруу максатында өзү жасаган операциялардын протоколдук журналдардан операциялык медайымдарды мурдагы улуу мед айым Э.Ниязалиева экөөлөп, коркутуп, Иманбаеванын операцияларын Найманбаеванын фамилиясына өзгөрткөн. (тастыктама бар)

Салтанат Сулаймановага Найманбаеванын “Карегим” жеке менчик кабинети жөнүндө жазыптыр. Ошол эле учурда өзүнүн жеке менчик “Офтамед” кабинетине, ошол кабинетке бөлүмдөгү баардык ооруулууларды негизсиз четтен жибергенин эмнеге айтпайт? Чырдын башы болгон Иманбаеванын “Офтамедке” баардык оорулууларды жибересиңер!”, деген талаптан улам жана бөлүмдөгү швейцариялык Кызыл Крест коому тарабынан бөлүнгөн микроскопту алып кетип өз кызыкчылыгы үчүн иштеткенин эмне үчүн элге жарыя кылбайт!

Иманбаевага Найманбаеванын “Карегим” жеке менчик кабинети көрүнгөнү менен өзүнүн “Офтамед” жеке менчик кабинетине оорулардынегизсиз четтен жибергенин эмнеге айтпайт!Чындык башы да ушул “Офтамедге” баардык ооруларды жибергиле деген талаптан улам жана Швейцариянын Кызыл Крест жарым ай коому тарабынан бөлүнгөн микраскопту алып кетип иштетип жургөндүгун элге эмнеге жарыя кылбайт!

Кенджаева жана Шаршееванын туура эмес операциясынан негизинде бейтаптардын соттошкону да чындыкка дал келбейт. Бейтаптардын өнөкөт оорусуна байланыштуу жана операциядан кийинки көздүн сестенүүсүнө байланыштуу кайрадан даарыланып, бүгүнкү күндөрү акпай-этпей эле жургөнү Иманбаевага белгисиз го.

Ошол эле Иманбаеванын учурунда Янахунова, Кубаныч кызына консилиум жасалып, кафедранын мүдүрлөрү сунуштаган сунуштан өз билемдикке салып башка операция жасагандыгын негизинде жогорудагы бейтаптар  ушул күнгө чейин соттошуп жүрөт. Кубаныч кызы Мираиданын ата-энеси Иманбаеванын туура эмес операциясынан улам Москва шаарына чейин барышып, операция такыр туура эмес экенин билгенден кийин  АКИпрессте маалымат жыйын беришип нараазычылыгын билдиришкен. Шаардык прокуратура бул ишти карап, кандай жол менен токтоткону белгисиз. Улуттук госпиталда иштеген Мамзияева деген врач Сагинбаеванын башкы дарыгер болуп турганда эмес, 2004-жылы Ниязов.Ш.Нучурунда профпотологияда иштеген болсо 2008-жылдын тарта Нуралиев. М.А башкы дарыгер болуп турган учурда №1 көз микрохирургиясына кабыл алынган. Иманбаева өзүнүн штатында иштеген кызматкерлерин билбеген кандай бөлүм башчы экендигин дагы бир жолу далилдеди. Шаттагы врачтарын билбегени менен мурдагы улуу мед айым Э.Ниязалиева Мырзакулов.Ж бөлүмдө бир күн дагы иштебей 2 жыл бою айлык-акы алып жүргөнүн Иманбаеванын ак экенин айтып чыкпай эле, өз кызын Иманбаеванын жардамы менен тымызын ишке алып, 2 жыл айлык алып жургөнү үчүн иштен айдалган. Булардын мындай иштерин Ниязалиеванын бир тууган сиңдиси Ниязалиев.Ж бухалтериядан калкалаганы белгилүү болгондо гана Сагинбаева баарына чара көргөн. Ушул эле Ниязалиева Иманбаеваенын атынан медайымдарды жана кичимедайымдарды коркутуп актай баракка кол коюп берүүсүн талап кылып кол койдурган. Бул жөнүндө медайымдар иштин чоо-жайын билгенде гана актай барака кол коюп бергендиги тууралуу түшундүрмө жазып беришкен. (тастыктама бар)

Акыркы мезгилде башкы дарыгер Д.Сагинбаева бөлүмдөгү ишти жөнгө салуу максатында эртең мененки 5 мүнөттүк жыйынга катышууда. Бирок башкы дарыгердин көзүнчө да башка врачтарга айкырып, кыйкырып үстөмдүгун көрсөтүп келет. Жогорудагы келтирилген одоно иш бузуулардын негизинде жалпы жамаат Иманбаеванын бөлүм башчылыгы астында иштөө мүмкүн эмес болуп калгандыгына байланыштуу биз дарыгерлер жана медайымдар жамааты Сагинбаевдана коркконубуздан эмес, мындай абалда иштөө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу Кайрылуу жасаганбыз.

Кайрылуунун негизигинде Сагинбаева тараптан эмес, ар кайсы мекемелер арасында түзүлгөн комиссия түзүлүп анын жыйынтыгында коррупциялык жолдор менен өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып келет.

Капиталдык ремонт Улуттук гопиталдын баардык бөлүмдөргө өткөрүлүп, ошолордун катарында көз микрохирургия бөлүмүндө  дагы өткөрүлдү. Бирок Иманбаева айткандай анын каражатына эмес бюджеттик каражат аркылуу жасаган.

Швейцариялык Кызыл Крест коомунан грант катары берилген бир катар жабдыктарды С.Иманбаева “жеке мага берген”, деп түшунгөнбү айтор менден башка эч ким  иштетпесин деп  бирөөсүн жеке менчик “Офтамед” көз диагностика кабинетине алып кетип, иштетип журсө операциялык Carl Zeiss микраскобюуна жан кишини жолотпой , диагностикалык биомикраскопту  жана бир топ жабдыктарды азыркы күнгө чейин бөлмөсүнөн чыгарбай карма олтурат. Башка врачтар айла жок эски жабыдктар менен иштөөгө аргасыз. Иманбаева көп жылдык тажрыйбасы бар, менден башка бир дагы башка тажрыйбалуу врач жок, мен дайыма врачтарды үйрөтмун деп төшүн кагып ММКларда жалгыз өзүн мактап келет. Анда эмнеге 30 жылдык эмгек жолунда мен окуучусу элем, мени үйрөткөн эле деген бир дагы анын жолун жолдогон окуучсу жок. Тилекке каршы эч ким аны сурабайт.

Урматтуу бийлик өкулдөрү С. Иманбаеванын жолдо кала турган жоруктарын ким көзөмөлгө алат. Биз сиздерден чындыкты талап кылабыз. Анын катаал мамилеси бизди ак үйдүн астына митингге чыкканга аргасыз кылууда.

Дарыгерлер жамааты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости