www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таланттуу жана жылдыздуу актриса Элина Абай кызы турмушка чыкканы коомчулуктан, чыгармачылык чөйрөдөн тап такыр эле  алыстап кетти. 

Актриса алты жыл мурда белгилүү спортчу Кумар Жалиевге (псевдоними Калкан, эл аралык класстагы спорт чебери, Евразия чемпиону) турмушка чыкканы кинодо жаңы роль жарата элек. Интервью берип, ачык сүйлөшүүнү да каалабаган актриса учурда сүйүктүү жар, бактылуу эне статусунда.

Актриса интернет желесинде үй-бүлөсү тууралуу маалымат бербесе да, түйгөйлөр эки кыздуу болушканын ишенимдүү булактар билдиришти. Анан да жакында эле Элина айымды бир жашка чыга элек кызын бооруна кысып, сейилдеп жүргөнүн көргөнүбүз бар. 

Ал эми спорт тармагынан алыстап кеткен Кумар мырза азыр эмне иш менен алек болуп жүргөнү тууралуу кабарыбыз жок.  

Эске салсак, Элина менен Кумар орусиялык "Гаишник. Ысык-Көл беш бармак" кино тасмасында чогуу роль ойноп, таанышышкан.

Аруужан Булекбаева

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости