www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан полициясы өткөн парламенттик шайлоодо оппозиция же көз карандысыз талапкер катары шайлоого катышып, соңунда шайлоону "таза өткөн жок" деп сындап чыккан 20 талапкерди кармады. Парламенттик шайлоону эл аралык байкоочулар ошол күнү эле сындашкан.

11-февралда парламенттик шайлоого нааразы болгондор Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына келип, нааразылык ирээтинде жуурканга оронуп отуруп алышкан. Акциянын бардык катышуучуларын полиция кармап кетти. Азербайжандын ички иштер министри Эхсан Захидов «акция мыйзамсыз, анын катышуучулары мыйзамдын талаптарына моюн сунган жок» деп билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, азери президентинин «Жаңы Азербайжан» аттуу партиясы парламенттеги 125 орундун 70ин ээлегенин жарыялаган. Калган 55 орун азыркы президент Илхам Алиевге ыктаган, өз алдынча чыккан талапкерлерге жана майда партияларга тийди.

Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралда өткөн.

Последние новости