www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде партия жөнүндө бүт дүйнө сөз кыла турган болсо- анда ал Кыргызстандын келечегин курам деп, кырды –бычак сөзгө калган Мекеним Кыргызстан.

Эгерде партия  жөнүндө бүт өлкө сөз кыла турган болсо - анда ал элди жыргатам деп кан менен бийликти тартып алып, “балашкалардын”  “балмуздактарына” миллиондоп акча чачып, кан менен жолун бууган СДПК.

Эгерде депутат жөнүндө бүт облус сөз кыла турган болсо- анда ал тосмодон секирем деп шымынын артын тилдирип алган,”Республикага” кошулам деп электоратынын жарымынан айрылган - “Ата-Журт.

Эгерде партия жөнүндө бир район сөз кыла турган болсо - анда ал өз көмөчүнө күл тартат го деген ой туудурган, кыргыз элине али тааныла элек -“Биримдик”.

Эгерде партия жөнүндө аялы же күйөөсү гана сөз кыла турган болсо- ал аялы же күйөөсү гана катталган чыныгы партия.

Келиңиздер, анда ушул тостту отуз жылдан бери түзүлүп келаткан 250 партиянын келечеги үчүн алып жибериңиздер!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости