www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда бизнес-акыйкатчы тарабынан агроөнөр жай комплексине жана анын подсистемаларына көзөмөлдүк текшерүүдө жүргүзгөн изилдөөлөрүндө 1044 учурда ишкердик субъекттеринин укуктары бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 815 учурда ишкердик субъекттерин текшерүүгө байланыштуу мыйзам талаптары бузулган. Региондор боюнча:

• Жизак облусу – 660;

• Сырдарыя району – 28;

• Анжиян облусу – 27;

• Фергана облусу – 20;

• Самарканд облусу – 10;

• Ташкент облусу – 8;

• Бухара облусу – 7;

• Хорезм облусу – 3;

• Каракалпакстан Республикасы – 52 мыйзам бузуу фактылары катталган.

Ошондой эле, чарба жүргүзүүчү субъекттердин кайрылууларын кароодо 198 учурда мыйзам бузууларга жол берилген. Мындан тышкары, 31 учурда ишкерлерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө мыйзам талаптары жана мөөнөттөрү сакталган эмес.

Көрсөтүлгөн кемчиликтерге жол берген 142 кызмат адамына административдик протоколдор түзүлдү.

Ошону менен бирге кемчиликтерди четтетүү, келечекте алдын алуу, ишкердикти ар тараптуу колдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү боюнча Агроөнөр жай комплексинин көзөмөл инспекциясына сунуш берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости