www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Абдрахматова ыйыкпы?

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишмердүүлүгүнө коомчулуктун дагы, ал гана эмес өзүнүн чогуу иштешкен кызматкерлеринин да ичи чыкпай, нааразы пикирлер арбын айтылууда. 

Ал түгүл аны иштен алуу боюнча президентке чейин кол алдында иштеген кызматкерлер ачык кайрылуу жасашты. Бирок эмнегедир колдогон кожосу күчтүүбү, Атыр айымдын образдуу айтканда "мурдун балта кескен жок". Эдил Байсалов мактангандай "кылы кыйшайчу" түрү көрүнбөйт. 

Өткөндө Жогорку Кеңешке берген отчёту карандай калп, жалгандан турат дегенди өзү менен чогуу иштешкен кызматкерлер каңырык түтөтүп, зээндери кейип кайрылууда белгилешти. Эмнегедир көңүл бурган жан боло элек. Жогорку Кеңештин айрым фракциялары, депутаттары Абдрахматованы иштен алуу маселесин козгошкон менен муз ордунан жылбады.

Мына президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев деле “Кабар” агенттигине Акыйкатчы Атыр айым тууралуу:

"Акыйкатчы «өлкөнү дестабилизация кылабыз» деп камалгандарды эле коргоп, карапайым элди коргогонун байкаган деле жокпуз", — деп этектей сын айтылган маалымат берди. Буга деле анчейин маани берилген жок.

Чынында Атыр айым мыкты иштеп жаткан болсо, нааразычылыктар көп? Ал эми нааразычылыктар көп болгонуна жараша, иштен алуу талабы айтылып жатканын карабастан чара көрүлбөй жатат? Парадокс.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости