www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында 5-июнь күнү 10 адам ачкачылык жарыялап, бүгүнкү күндө алардын саны 60га жетти.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери аталган колонияга барып келишти.

Аталган колонияда соттолгон 89 адам жатат.  Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жеринен алган маалыматтар боюнча расмий 60 адам ачкачылык жарыялашса, 9у  билдирүүсүз ачкачылык жарыялашкан.  11 адам колун кесишкен, 10 адам оозун тигишкен. 4 адам ачкачылыктан расмий баш тарткан. Ачкачылык жарыялагандардын негизги талабы, камакта кармоонун режимин өзгөртүү, соттолгондордун камересын текшерүүнү азайтуу, уюлдук телефон көтөрүүгө уруксат берүү. Ошондой эле  улам сөгүш берүүнү жана айып изоляторуна жабууну азайтуу.

Акыйкатчы аппараты колониянын жетекчилиги менен дагы, соттологондор, алардын лидерлери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ачкачлык жарыялагандарга аны токтотууну сунуш кылышты, бирок алар жогоруда келтирилген талаптар аткарылмайын ачкачылыкты токтотпоорун билдиришти.

Бул маселе Акыйкатчынын көзөмөлүндө. Акыйкатчы аппараты дүйшөмбү күнү колониядан кайрадан кабар алат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости