www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде көркөм фильм тартат. Съемка 20-июнда башталат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Башкы каармандар Иляс менен Байтемирдин ролун өзбек актерлер, Асел менен Кадичаны кыргыз актрисалары ойнойт. Бул тууралуу “Дан” продюсердик борборунун жетекчиси Перизат Жакыпбекова “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Илястын ролуна Адис Ражапов, Байтемирди Улукбек Кадыров, Аселдин ролун Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарышат.

Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылат.

Чыгарманын мазмуну ошол бойдон калат, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт. Сценарийин кыргызстандык Керез Зарлыков жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов. Тасманын бет ачары быйыл Айтматовдун туулган күнүндө – 12-декабрда болот.

Эки тараптуу кызматташууну кыргызстандыктар сунуштап, “Делбиримди” тартууну өзбек тарап демилге кылган. Кыргыз артисттерине гонорарды "Дан" продюсердик борбору, өзбек артисттерине "Узбеккино" төлөйт. Андан тышкары, өзбек президенти да колдоо көрсөтүүдө.

Чыңгыз Айматовдун "Делбирим" чыгармасы "Кызыл жоолук жалжалым" деген ат менен да белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости