www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышкандан кийин Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Саммиттин жыйнтыгы менен  бир катар биргелешкен документтерге, анын ичинде Циндао декларациясына кол коюлду.

ШКУнун төрагалыгы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына өттү. ШКУнун кийинки саммити 2019-жылы Бишкекте өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун саммитинин алкагында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти  Халтмаагийн  Баттулга жана  Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Сапар аяктап, Бишкекке учаар алдында Президент Сооронбай Жээнбеков  самолеттун бортунда аны Кытайга болгон сапарында коштоп жүргөн журналисттер менен аңгемелешти. Мамлекет башчысы журналисттерге  мазмундуу жана ыкчам иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирип,  анын Кытайга жасаган мамлекеттик сапары Кыргызстан үчүн зор мааниге ээ экендигин белгиледи.

«Мен сапардын жыйынтыктарына канааттандым. 2019-жылы биз сиздер менен бирге ШКУнун саммитинин катышуучуларын тосуп алабыз», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУдагы төрагалык Кытайдан Кыргызстанга өткөндүгүн эске салды.

Кыргызстандын Президентинин Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарын жана ШКУнун саммитине катышуусун кыргызстандык жана  чет  мамлекеттик 13 журналист чагылдырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости