www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги компаниялардын бири салык жашырып жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу аталаган кызмат Азаттыка кабарлады. Маалыматта айтылгандай, кызмат салык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Анын алкагында, «А.К.» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун 53 миллион сомдон ашык салыкты жашырып жүргөнү аныкталган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн четтөө» беренеси боюнча иш козголду.

Ошондой эле текшерүүдө аталган компаниянын негиздөөчүсүнө дагы алты ишкана катталып, салык төлөбөй жүргөнү белгилүү болгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында аталган компаниялардын негиздөөчүсү камакка алынды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жана негиздөөчүсүнүн аты-жөнүн "тергөө кызыкчылыгы үчүн" деген жүйө менен ачык айткан жок

Булак:NazarNews.kg

Последние новости