www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов өз мекемесинин Ысык-Көлдөгү өкүлүнө 13 жаштагы зордукталган кыздын жагдайын кунт коюп көзөмөлгө алууну тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматы бул иш Акыйкатчы аппаратанын көзөмөлүндө экенин кабарлады.

Кыздын ата-энеси Тоң райондук сотунун чечимине каршы облустук сотко кайрылды. Сот жараянына Акыйкатчынын өкүлү мониторинг жасамакчы.

Буга чейин Тоң районунун Кара-шаар айылында 13 жаштагы секелек кызды үч эркек зордуктап, кийин сот алардын экөөнү актап жибергени коомчулукта кызуу талкууга алынган. Зордуктаган адамдардын бирөө 7,5 жылга кесилген. Бул факт коомдо кызуу талкууланып, судьянын дарегине сын күчөдү.

Белгилей кетсек, кыз өзү азыр реаблитациялык борборлордун биринде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости