www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразиялык фонду Кыргызстанга 3 миллион доллар грант берет

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) Кыргызстандын 3 миллион доллар грант берүү боюнча арызын жактырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бул каражат санитардык транспорт жана тез жардам унааларын сатып алууга керектелет.

Гранд бөлүү боюнча макулдук берилгенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге аталган фонддун аткаруучу директору Андрей Широков кабарлады. Алар КР менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтык жана коронавируска каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер боюнча талкуулашты.

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Беларусь, Тажикстан менен Армения алып турат.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости