www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын акыйкатчысы жакындарын издеген кытайлык кайрылмандардын арызы боюнча Кыргызстандын жана Кытайдын тиешелүү органдарына кайрылды. Азырынча жооп боло электигин акыйкатчы Токон Мамытов мындай дейт:
- Кыргызстандагы тиешелүү органдарга бердим, Кытай тарапка да чыктык, азырынча жооп ала элекмин. Жакынкы күндөрдө болуп калабы деп күтүп жатам. Мен өзүм да силер аркылуу маалымат жеткирүүгө кызыкдармын. Кытай тарап менен да иштеп жатабыз, бирок азырынча бир нерсе деп айтууга эрте.
Өткөн жылдын 3-декабрында акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстанда жашап калган, жакындарын издеген кыйтайлык кайрылмандар менен жолуккан. Алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана "саясий тарбия берүүчү" лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн.
Мамытов кытайлык кыргыздардын арыздары боюнча расмий тактоо, маалымат алуу иштери башталарын билдирген.
Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан бери тарай баштаган.
"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Бээжин расмий "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.
Маалымат каражаттары 12 мамлекеттин, анын ичинде Орусия, Индия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн дипломаттары өткөн жумада Шинжаңга барышканын жазышты. Кыргызстандан барган-барбаганы боюнча маалыматтар айтыла элек. Тышкы иштер министрлигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Булак: NazarNews.kg