www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов саясий партияларга кайрылуу жасады.

«Чечим кабыл алып жатканда оюңарда, сезим, эмоцияларыңарда Кыргызстандын коопсуздугу жана келечеги биринчи орунда туруп, иш-аракетиңер менен акыйкатчылыкка жетүүнү максат кылгыла», — дейт Токон Мамытов.

Анын айтымында, Баш мыйзам жана конституциялык укуктарды сактамайынча укуктук жана тынччылык нугуна кайтып келүү мүмкүн эмес, Кыргызстандын коопсуздугун жана эгемендүүлүгүн сактоо мүмкүн эмес.

«Акыйкатчылык үчүн күрөшүп жатып өлкөбүздүн коопсуздугу жана баалуулуктарын сактоо жөнүндө унутпагыла. Терс эмоцияларга алдырбагыла, антпесе, кыргызстандыктар үчүн анын кесепети оор болуп калышы ыктымал», — дейт Токон Мамытов.

Кыргызстандын башынан өткөн эки ыңкылаптан кийин өлкөбүздүн экономикасы оор жоготууларга дуушар болду, Кыргызстандыктардын жашоосу ал ыңкылаптардан кийин жакшырып кеткен жок.

«Үчүнчү ыңкылап биринчи экөөнүн каталарын кайталабасын. 4-октябрдагы шайлоо таза өткөн жок. Силер элдин мүдөөсүн бийликке жеткиздиңер. Саясий партиялар укук талаасына кайтып келип, мындан ары тынчтык, мыйзам жолу менен кетүүсүнө чакырам. Өз мүдөөңөрдү гана аткарбастан, элдин үнүн да уккула», — деп кайрылды Токон Мамытов.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өтүп жатат. Учурда Бишкектеги абал тынчый элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости