www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги СИЗО-1дин жертөлөсүндө кармалып жатат деген маалыматты четке какты. Ал мурунку мамлекет башчысына барууну көздөп жатат.

“Биздин кызматкерлер болуп жаткан окуялардан кабардар, алар экс-мамлекет башчынын СИЗО-1ге которулушунун чоо-жайын билүү үчүн кечээ эле ошол жерде болушкан”, – деди Мамытов.

Жалган маалымат таратуунун кажети жок. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги Атамбаев биринчи кабаттагы изолятордо кармалып жаткандыгын билдирди.  Мен эми өзүм жеке Атамбаевге барганы жатам. Бүгүн же эртең ведомство аралык комиссия соттолучууну кандай шартта кармоо керектигин аныктайт”, – деди ал.

Эске салсак, кечээ Алмазбек Атамбаевдин адвокаты экс-президент УКМКнын СИЗОсунан СИЗО- 1дин жертөлөсүнө которулгандыгын, ал жакта кадимкидей жашоо үчүн шарттар жок деп билдирген. Адвокат белгилегендей, өмүр бою эркинен ажыратылгандар мурда ошол жерде отурушкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости