www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оо кийин, акыретте Жараткан "шайтанды алдаган адам баласынан араңарда бирөө-жарым барбы" - десе, Акылбек Жапаров кол көтөрсө керек. Дегенибиз, Акылбек Жапаров ооз ачса эле, бюджет эселеп өсүп, киреше булактап агып, эл май көл, сүт көл жашоодо жашап жаткан болот. 

Болбосо, Акыбайдын оозунан чууруган миллиарддарга реалдуу жашоо төп келмек. Арийне, курулай цифра менен курсак тойгузбаган кургак фактыларды койгулаштыра бергенден мамлекет гүлдөбөйт. Анда эмесе Жапаровдун 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган өкмөттүн жыйынында, Кыргызстандагы өсүш тууралуу айткан түшкө кирбеген жөө жомогун мисалага тарталы. 

Кабмин төрагасы Жапаров тартынбастан эле 2022-жылы "чудо" болду деп асман чапчыган сандарды саймедиреп, уккан кулакты үркүттү.  

Ал өз сөзүндө: "Салык боюнча кирешелер 229 миллиард сомду түздү. Эки жылда салыктын өсүү темпи 214%тен ашып, эки эсеге көбөйдү. Консолидацияланган бюджет 438 миллиард сом болду. Башында 404 миллиард сомго ориентир алганбыз, натыйжада Финансы министри бекитип бергендей 438 миллиард болуп, өсүү 108, 5%ти түздү.  Бул биз пландагандан 34,2 миллиард сомго ашык. Ал эми эки жылда консолидацияланган бюджет 190 миллиард, 600 миллион сомго жогорулады. Башкача айтканда, 177%ге кирешени көбөйттүк.
Улуттук статистика комитет анализдеп берди, ички дүң продукция 2022-жылы 919 миллиард 400 миллион сомду түздү. Ошондо өсүү темпи 107% болду. Эки жылда ички дүң продукция номиналдык түрдө 317,6 миллиард сомго өстү,  башкача айтканда, бир жарым эсеге 50%ге көбөйттүк",-деп жар салды. 

Ошондой эле, 2022-жылдын 12 айында бажы кызматы 74,3 млрд. сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган. Бул белгиленген пландан  604,8 млн. сомго көп.

Мына жогорудагы айтылган цифраларга ишенсек, жалаң өнүгүп-өсүүнүн үстүндө экенбиз. Кой, жерге түшүңүз, окшошпой жатат калпыңыз деген жан жок. Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса болуп жел сандарды "төлдөтө" бергенден экономика өсүп, элдин турмушу оңолуп кетсе бир жөн эле. Уялбагандан өзүң уял дегендей, бетинин териси кандай материалдан болду экен деп таңбыз. 

Чынында, Жапаров очкисин чечип караса реалдуу жашоо такыр башкача. Бюджеттин дефицити 35 миллиард сомдон ашык. Казына тешик. Бир гана салыктан күчүн чыгарып, ишкерлерди саай берип, эки жылда сыртка капиталын чыгарып кеткендер рекорддук сумманы түздү. Отуз жылда мындай болгон эмес. Жапаровдун салыктан түшкөн киреше көбөйдү дегени, элдин терисин кан чыгарбай сыйрып жатабыз дегендей угулат. Салыкты маймыл деле чогултат. Ага анчейин акылдын кереги жок. 

Ырасында, Акылбектин "акылдуу башынан" салыктан башка, өндүрүш тууралуу, фабрика, завод куруу боюнча сөз чыкпайт. Албетте, курушса бир жыл пиар кылып айтышмак. Жок эч нерсе. 

Андан көрө ишкерлерге кассалык көзөмөл аппарат койдуруп кыскан жеңил. Карапайым калктын үйүн, машинасын камсыздандырууну милдеттендирген оңой. Акча өзү эле кан аралашкан көз жаш менен агып келе берет. Элдин жонунан кайыш тилип, чөнтөгүнө кол салган Жапаров үчүн ыңгайлуу. Жаны кейибейт. Мына анын тас кейпи ушул. Башкача болбойт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости