www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Акылбек Жапаровдун дагы Германияда дарыланганга каражаты жетсе, дарылана берсин», - деди бүгүн, 4-майда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын агай, Кыргызстанда ден-соолугунан маселе жаралган чиновниктердин басымдуу бөлүгү оорур замат чет мамлекетке дарыланганы кетишет. Кыргыз медицинасы чиновниктердин ден соолугун чыңдоодо алсыздык кылып жатабы?
- Акылбек Жапаровдун Германияга дарыланууга барганынан саясат издебей деле койсок болот. Анткени, ар бир адам ден-соолугу үчүн күрөшүшү керек.
Кыргызстандагы медицина мурдагыдай күчтүү эмес. Акыркы мезгилде окумуштуулар медицинаны өйдө көтөрбөй эле төмөн түшүрүп салган учурлар да бар. Ошон үчүн кыргыз медицинасы анча өнүкпөй жатат.
Мурда медиктерибиз чыны менен күчтүү болчу. Миррахимовдун институтунун төө ашууда имараты бар болчу. Ал жерден көп профессорлор чыкчу. Азыр иштебей калды. Медициналык академия дагы мурдагыдай жакшы билим бере албай калды.
Ошон үчүн каражаты жетиштүү чиновниктерибиз чет мамлекеттен дарыланып жатышат. Акылбек Жапаровдун дагы Германияда дарыланганга каражаты жетсе, дарылана берсин.
Булак: NazarNews.kg