www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров "Ахмат" тез аракеттенүүчү атайын отрядынын (СОБР) ЛЭРдеги күжүрмөн ишин чагылдырган кадрларды жарыялады.
Чеченстанда жайгашкан СОБР "Ахмат" Орусиянын курамындагы республиканын биринчи президенти Ахмат Кадыровдун ысымын алып жүрөт. Бөлүм милициянын атайын күчтөрүнүн функцияларын аткарат жана Улуттук гвардиянын түзүмүнө кирет.
"Бул видеодо "Ахмат СОБР" окуу борборунун жоокерлери Луганскты (ЛЭРдин аймагы - ред.) Бандера таштандыларынан тазалоону улантышууда", - деп жазган Кадыров.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg