www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Геосаясаттын курчтугун эске алып, элибиздин жыргалчылыгына шарт түзө турган жолдорго түшөлү», - деди бүгүн, 4-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, Бекболот Талгарбеков менен Исмаил Исаковдун демилгеси менен «Коомдук кеңеш» түзүштү. Бул уюм чындап иштейби же максаты ишке ашкандан кийин ишмердүүлүгүн токтотуп коёбу?
- Мен мындай уюмдардын түзүлүп, анан бир аздан соң кандайдыр бир үмүттөрү аткарылып калса, таркап кетип жүргөн көрүнүштөрүнө көнүп деле калдым.
Чоң трагедия чыгарып, паникага алдыруунун деле кереги жок. Башка маселе, алдыга кандай максаттар жана пландар коюлуп жатат?
Чындап эле коомду жакшыртуу жана адилеттүү мамилелерге өтүү аракеттери болсо, анда түшүнүү менен эле кабыл алалы. Башкаруу саясатына өбөк болуп беришсе анын эмнеси жаман? Бул уюмдун уюштуруучулары абдан тажрыйбалуу инсандар экен. Акыл менен иш башташса керек деп туралы!
Анан болбой эле дестабилизация жолуна түшүшсө, мындай уюмдар кыйраткыч гана жолго түшүшөт. Элдин стабилдүүлүгүнө шек келтирет.
Андай болсо мындай уюмдардын барынан жогу жакшы. Эл кыжырланат, мыйзамдар бузулса укук коргоо органдары тарабынан катуу чаралар көрүлөт.
Азыркы геосаясаттын курчтугун эске алып, тынч эле биримдикте жашап, элибиздин жыргалчылыгына шарт түзө турган жолдорго түшөлү. Демек, сын-пикирлерди ачык эле айтып, абалды оңдоо жолдоруна түшүүгө толук шарттарыбыз бар!
Булак: NazarNews.kg