www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайкы бороон-чапкын мезгилинде мунай иштетүүчүлөргө коркунуч жаралса Америкада бензиндин баасы "акылга сыйгыс" деңгээлге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу OPIS энергетикалык талдоо борборунун башчысы Том Клозага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, адатта июль айында күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулайт. Ал эми жайында Мексика булуңунун жээгинде катуу бороон-чапкын болуп, ансыз да олку-солку болуп турган энергетика системасына бир топ залакасын тийгизет. Электр энергиясынын өчүрүлүшү өз кезегинде мунай иштеп чыгууга тоскоолдук жаратат.
"Күчтүү тропикалык сезон болсо, тилекке каршы, жакшы божомол бере албай калабыз. Тагыргаагы, бензиндин баасы беш доллардан ашып кетиши мүмкүн", — деди Клоза.
Эске салсак, Орусия 1-апрелден тарта касташкан өлкөлөрдөн саткан газынын акысын рубль менен кабыл алып баштаган, бул доллар, евро менен эсептешүүдөн кетүү максатында жасалган. Президент Владимир Путин россиялык валюта менен эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартууну Москва келишиминдеги милдеттерди аткарбагандык деп тааный тургандыгын тактаган.
Булак: NazarNews.kg