www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу инсан Томас Эдисон балалыгында мектептен келип, апасына мугалими берген катты сунат. Апасы көзүнө жаш алып, анан үнүн чыгарып катты окуй баштайт: “Сиздин балаңыз гений, бул мектеп ага кичинелик кылат.

Мында ага бир нерсе үйрөтүүгө жөндөмдүү мугалимдер жокко эсе. Сураныч, аны өзүңүз окутуп алыңыз”. Апасы көз жумган соң, Эдисон ошол кездин улуу ойлоп табуучуларынын бири болот. Бир күнү үй-бүлөлүк архивине көз жүгүртүп отуруп, кокусунан бир катка колу урунат. Аны алып ачып окуй баштайт:

“Сиздин уулуңуздун акыл-эси кем. Биз аны башка балдар менен биргеликте бул мектепте окута албайбыз. Мындан улам аны үйүңүздө өз алдынча окутууңузду сунуштайбыз.”

Эдисон бир нече саат бою ыйлап отуруп, андан соң күндөлүгүнө төмөндөгүдөй саптарды жазат:

“Томас Алва Эдисон акыл-эси кем болгон, бирок акылман апасынын колдоосу, шыктандыруусу менен өз кылымынын улуу генийи аталган”.

Томас Эдисон АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан.

Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган.

Булак: "lady.kg"

Последние новости