www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атады. Өкмөт башчынын талапкерлиги 15-июлда өтө турган КСДП курултайында расмий көрсөтүлгөнү жатат.

Сооронбай Жээнбеков 1,4 жыл ичинде эки жолу премьер-министр болду.

Эл эсинде эмнеси менен эсинде калды?

Атамбаевдин жакын санаалашы

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө президент Алмазбек Атамбаевдин досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылып жүрөт.

Атамбаев Орусияга болгон сапарынын алкагында Татарстанда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Жээнбековду 1995-жылдан бери таанырын, кезинде Жогорку Кеңеште чогуу депутат болгондорун эстеди. Ал түгүл экөө парламенттик “Реформа” аттуу фракцияда бири жетекчи, экинчиси орун басары болгонун да эстеп өттү.

“КСДП өз курултайында анын талапкеригин колдойт деп толук ишенем. Бул өлкө үчүн жакшы тандоо болмок. Ал абдан абийирдүү, эчтекеге аралашпаган, чынчыл адам”,- деди 24-июнда президент Атамбаев.

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке Сооронбай Жээнбековду сунуштаган эле. Бул маселе эми 15-июлда партиянын курултайында каралып, Жээнбеков колдоо табаары күтүлүүдө.

Президенттикке аттанып жаткан премьер буга чейин өкмөт башында туруп эмнеси менен эсте калганын эстеп көрөлү.

''Чык эшикке!''

20-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөт жыйынында Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жетекчи орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкканы коомчулукта талкуу жаратты.

Өкмөт башчынын кол алдындагы чиновниктерине жасаган мындай мамилеси сынга кабылып, Жээнбеков эмитен кадыр күтүп калдыбы деген сөздөргө жем ташталгандай болду.

''Уялбайсыңбы, чоң жыйынга, премьер-министрдин алдына келип жатасың...Токтот, өчүр, ооба, даярданып келгенсиң, чык бар'', - деген эле Сооронбай Жээнбеков анда.

Бирок премьер-министрге байланыштуу бул окуя тегинен эмес дегендер да болду.

Жээнбеков Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө президент Атамбаевдин досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылып жүрөт.

Себеби бийликтеги партия аны президенттикке талапкер катары көрсөтөт дегенден тарта, ага жумшак, чечкинсиз деген өңдүү мүнөздөмөлөр берилген эле.

Негизинен премьер Жээнбеков журналисттерге көп ачыла бербеген, “Кумтөр” маселесин көтөрбөгөн өкмөт башчы катары да эсте калчудай.

Бир жылда эки жолу өкмөт башчы болгон Жээнбеков

Соңку бир жылда Сооронбай Жээнбеков эки жолу премьер-министр болуп дайындалды.

Биринчи жолу былтыр 13-апрелде мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин (президенттикке дагы бир талапкер) Балыкчы-Корумдун жолунун курулушу боюнча тендерде кытай инвесторунун кызыкчылыгын сүрөгөн деген айыптардан кийинки чулгандуу отставкасынан соң президент тарабынан дайындалган.

Конституциялык реформа маселесинде парламентте тиреш күчөп, былтыр 24-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП, ''Кыргызстан'', ''Өнүгүү-Прогресс'' жана ''Ата-Мекенден'' турган көпчүлүк ыдырап, өкмөт да тараганга туура келген.

''Ата Мекен'' сыртта калтырылып, 3-ноябрда КСДП, ''Кыргызстан'' жана ''Бир Болдон'' турган жаңы көпчүлүк коалиция түзүлүп, өкмөт башчылыкка 11-ноябрда кайрадан эле Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлүп, бекиген.

Жээнбековдун тушундагы экономика жакшырдыбы?

Быйыл премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча парламентте отчет берип, өлкөнүн соңку бир жылдагы экономикалык өсүшү 3,8% түзүп, анын номиналдык көлөмү 458 млрд. сомго жеткенин айткан. Айыл чарбада өсүш 3%, кызмат көрсөтүү тармагында 2,9%, өнөр жайда 4,8%, курулушта 7% жеткени айтылган.

Ошондой эле өлкөнүн жалпы экспорт 2016-жылы 5,1%га өстү делген.

Бирок оппозициячыл саясатчылар бул кооз цифралар артында алгылыктуу деле иш болбой жаткандыгын өкмөттүн отчету тууралуу жыйынга кош өткөн иш-чарада айышкан.

''Статистика өлкөдө экономикалык абал жакшырып жатканын көрсөткөнсүйт. Бирок 2016-жылдын бюджетин карай турган болсок, кирешенин өсүшү 2015-жылга салыштырмалуу 0,1% эле болуп атат. Бардык жерде өсүш, бирок киреше жок. Акчалар кайда анан? Кооз цифралардан ушундай суроолор чыгат'',- деген эле Эсеп палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова.

Өкмөт башчы кызматын качан тапшырат?

Президенттикке аттанган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги КСДПнын жалпы курултайында колдоо тапса, ал партия атынан талапкер катары БШКга документтерин тапшырат.

Өкмөт башчы президенттикке талапкерлиги БШК тарабынан катталгандан кийин беш күн ичинде кызматын тапшырышы шарт.

Премьер-министрдин милдеттерин аткаруу жол-жобосу өкмөт тууралуу конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн.

Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматов ''шайлоого бара турган жогорку кызмат адамдары талапкер күбөлүгүн алгандан кийин кызматын токтотушу зарыл'' дейт.

''Ал президенттикке талапкер катары өзүн-өзү көрсөтөбү же курултайда партия атынан көрсөтүлөбү айырмасыз БШК тарабынан расмий катталгандан кийин, ал беш күн ичинде кызматын тапшырышы керек. Бизге маанилүүсү көрсөтүлгөнү эмес, расмий катталгандан кийин токтошу керек'',- деди Боршайкомдун төрага орун басары.

Жээнбековдун ордуна ким өкмөт башчылыкка келет суроосу азырынча ачык.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей мыйзамдарга ылайык өкмөт башчынын кызматы убактылуу биринчи вице-премьерге жүктөлөт. Учурда өкмөттө бул кызматты Мухамметкалый Абулгазиев аркалайт.

Булак: "bbc.com"

Последние новости