www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырас, азыр депутаттар модада десек болот. Бири кетип атат, бири келип атат. Бул “салт” көптүн уйкусун бузду, дагы деле бузуп атат. Качан мандатымды жулуп алышаар экен деп катарга турган жүүнү бош депутаттардын карааны эбактан эле даана тартылган. Кимиси качан канат кагаарын айтпай туралы. Андан көрө анык эл өкүлү экендигин аныктап, карапайым калк менен камыр-жумур болгондор тууралуу кеп салсакпы дедик.
Эсеби маселен, кыргыздын чыгаан берендеринин бири Абтандил Кулбараков Жогорку Кеӊештин депутаты болгонго чейин эле кичи мекени Жумгал районунун жеӊилин жерден, оорун колдон алып келгени маалым. Адатта биздин депутаттар шайлоого жакын эл менен камыр-жумур аралашып, шайлоодон кийин караанын көрсөтпөй кеткен учурлар көп эле кездешкен.
Бүгүн да элден качып, убадаларынын убалы уктатпай аткандар арабызда бар. Кулбараков алардан айырмаланып шайлоого чейин дагы, шайлоодон кийин дагы Жумгалга байма-бай каттап, айыл элине колунан келген жардамын берүү менен алек.
Аймак эли болсо Абтандил Илдузовичке жан-дили менен алкыш айтып келишет. Эл өкүлүмүн деген эрендер Абтандил мырзадан үлгү алышса ашыкча болбойт эле.
Булак: "de-facto.kg"