www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл 6 айда ооруканадагы бейтаптардын дарылануусуна 3 млрд 785 млн. сом сарпталган. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков онлайн-брифингде билдирди.
“Мамлекеттик ооруканаларды каржылоо ар бир дарыланып чыккан учур үчүн ишке ашырылат. ММК фондунун бюджетинен стационардагы бейтаптарды дарылоого 2020-жылга 7 млрд 105 млн сом каражат каралган. 24-июнга карата ооруканадан дарыланып чыккандардын саны 464 миң 335 адамдын санын түзгөн. Алардын дарылануусун каржылоого 3 млрд 785 млн сом сарпталган. Дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу үчүн маалыматтык база иштейт. Анда ооруканада дарыланып чыккан ар бир бейтап тууралуу маалымат камтылган: алардын социалдык статусу, жаш курагы, клиникалык диагнозу, стационарда болгон убактысы ж.б. Бул маалыматтар Саламаттык сактоо уюмдарында киргизилет. Программа дарыланып чыккан учурдун татаалдыгына, бейтаптын социалдык статусуна жана жеңилдетилген категориясына, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн аймакка жараша ар бир дарыланып чыккан учурдун наркын автоматтык түрдө эсептеп чыгууга керектелет. Ушул программанын маалыматтарынын негизинде ооруканаларды каржылоо жүргүзүлөт”, – деди ал.
Булак: NazarNews.kg