www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонууучусу Медербек Ысманалиев учурдагы өлкөнүн абалы жана саясат тууралуу билдирүү жазып чыкты. 

"Элибиз өтө саясатташып кетти. Билгенибиз-билбегенибиз, түшүнгөн-түшүнбөгөнүбүз деле эптеп эле бирөөнү шыбап, каралап, жамандап, акыл үйрөтүп чыга калабыз. Макул эми. Көч бара - бара түзөлөт, буйруса. Негизи, элди жаш балага салыштырам. "Кой, ал жакка барба, жасаба, кармаба" дегениңе карабай барып, кармап "бир тумшукка" жеп анан гана "ии" деп отуруп калат. Бирок бир саам убакыттан кийин кайра эле унутуп калат. Мисалы, 2 революция болду. Кимге пайда да, кимге зыян?

Алыс барбайлы: илдет Кыргызстанга жаңы келгенде, ушул эле жылдын март айларында "ун жана башка азыктар жетиштүү өлчөмдө болот, үйгө басып алуунун кереги жок" дегенине карабай, араң турган элге дүрбөлөң салып, кезектерди пайда кылып, сатып алдык го. Элдин саясатташуусун да бекерчиликтен көрөм. Жасаган жумушу жок адам, диванда жатып алып, акылына жараша пикирин билдирип коёт окшойт. Бул жаман өнөкөттөн кайтышыбыз керек, туугандар. Сөзсүз эле саясатка аралашып, эртеден кечке "ким эмне кылды, кандай болду?" деп бири - бирибизди аңдыгандан пайда жок. Ошонун ордуна өз багытың, кесибиң боюнча маалымат топтоп, изилдеп, ошол боюнча маалымат жазып кой.

Бийликте отурганда да сөзсүз саясат менен гана алектенбей, кайра саясатка аралашпай, коомчулукка, элге, чарба иштерине көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Бул багыттагы үлгүнү бүгүн КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Сабиржанович менен Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими Эрмек Алянович экөө көрсөтө алышты. Бүгүн "Сузак Биримдиги" коомдук бирикмеси Сузак районунун тургундарынын жардамы менен чогулган каражатка Сузак районунун ооруканаларына жана райондун 13 айыл өкмөттөрүнө, 1 шаарына керектүү нерселерди, Дары-дармектерди тапшырышты. Ошол жыйынга, дем алыш күнү жогоруда аталган мамлекеттик жетекчилер жана бир катар айыл өкмөт башчылары коомдук бирикменин мүчөлөрү катары өздөрүнүн акчалай салымдарын кошушуп, мааракеге да катышып кетишти. Качан гана жарандык коомчулук менен мамлекеттин ою бир жерден чыкканда жакшы жыйынтык болот! Баракелде! Рахмат!",-деп Медербек Ысманалиев жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости