www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамзаттын өзүнүн ойлоп тапкан техникасы азыр заманды гана эмес, өзүн кошо өзгөртүүдө. Анткени бүгүн жаратылышынан эркек болуп жаралгандар кааласа жынысын өзгөртүп аялга айланууда, же тескерисинче. Медицинанын бул жетишкендиги бүгүн бизге да жетти. Кыргызстандын урологдору да өз эрки менен жынысын өзгөртүүнү каалагандардын талабын аткарышууда. Мына ушул жаратылыштын мыйзамына "каршы тургандардын" бири башкы уролог Акылбек Усупбаев. 

- Акылбек Чолпонкулович, адамдардын жыныс мүчөсүн алмаштыруу операциясы алгачкы жолу кимге жасалды жана жыйынтыгы кандай болду? 

- Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында да жыныс мүчөсүн өзгөртүүгө уруксат берилген. Ага ылайык, 2014-жылдын жаз айларында алгачкы жолу өзбекстандык кыргыз транссексуал жигитти төрт саатта айымга айландырдык. 39 жашка чыкканга чейин атасы намыстанып уруксат бербей жүрүптүр. Кийин атасынын көзү өткөндө апасы айласыздан макулдугун бериптир. Өзбекстанда мындай багыттагы операция жасалбагандыгына байланыштуу бизге келип жасатты. Жыйынтыгы биз ойлогондон дагы жакшы болду. 

- Операциянын жүрүшү тууралуу айта кетсеңиз? 

- Бул өтө татаал жана оор операцияларга кирет. Ички жана сырткы жыныс органдарынын баары алынып салынат. Жыныс кынын эки түрлүү жол менен жасайбыз: жыныс мүчөсүнүн терисинен же жоон ичегиден кесилип алынып жасалат. Эркектен аял жасаш жеңилирээк, бир эле этап менен жыйынтыктасак болот. Ал эми аялдан эркек жасоо татаал. Алар 3-4 жолу операция болууга аргасыз болушат. Себеби алгач эркектик жыныс мүчөсүн жасоого туура келет. Аны өзүнүн колтугунан жана чыканакка чейинки колдун терисинен алып жасайбыз. Өзүнүкүнөн бөлөк бирөөнүн териси жарабайт, анткени тери кан тамырлары менен чогуу алынат. Экинчи этап сийдик бөлүп чыгаруучу каналчаны жасайбыз. Үчүнчү этап жасалма мүчөнүн бир орунда турушу жана иштеши үчүн протездеп беребиз. 

- Операция болуп бүт­көндөн кийин организмде кандай өзгөрүүлөр болот? 

- Операциядан кийин ким болууну кааласа, ошол жыныстын гормондору куюлат. Башкача айтканда, гормоналдык дарыланууга өтүшөт. Эркекке айлангандардын сүт бездери дароо эле кесилип салынат. Эгер аялга айланам десе алган гормондордун натыйжасында эмчек бези өөрчүп чыгышы мүмкүн, чыкпай калса силикон койдуруп дагы бир ирет операция болушат. Денесиндеги түктөр болсо гормондук дарылануудан кийин эле айым болгондордуку түшүп, эркек болгондордуку чыга баштайт. 

- Ал эми жасалма мүчө өз функциясын канчалык деңгээлде аткара алат?

- Эч кандай функция аткара албайт. Болгону сырткы көрүнүшү гана өзгөрөт. Транссексуалды канааттандырган нерсе ошол гана. Бул ар бир бейтап менен сүйлөшүү убагында эле чечилет. Алар төрөй же төрөтө алышпасын кесе айтып эле эскертебиз. Атүгүл жыныстык катнашта болгондо бел суу бөлүнүп чыгып, канааттануу ала албайт. Тагыраагы, жаңы жасалган жыныс мүчөсүндө сезим жок болот.

- Бул операцияга канча каражат сарпталат? 

- Бул бизде алгачкы жолу болуп жатканына байланыштуу так кесе эле мынчага турду деп айта албайбыз. Ал бейтап чет өлкөлүк жаран болгондуктан өз эсебинен дарыланды. Бардык керектелүүчү каражаттарды, дары-дармекти өзү сатып алып жатты. Андан кийин кыргызстандыктар деле өз каражаттары канча кеткендиги тууралуу кабарлашкан жок. Кыскасы, каражат маселесине доктурлар киришпейбиз, чечпейбиз дагы. Аны бир гана өздөрү билет.

- Коомчулук бул кылган ишиңерди кандай кабыл алып жатат? 

- Коомдо ар кандай пикир жаралып жатат. Негизи мусулмандардын мыйзамында бул туура эмес көрүнүш. Антейин десем мусулман мамлекети деп эсептелген Иранда эң көп санда транссексуалдарга операция жасалып келет. Европада болсо бул кадимки эле көнүмүш адаттай эрөөн-терөөнү жок деп эсептелинет, жадагалса психикалык жана физикалык жактан соо адам деп саналат экен. 

- Сизди Батыштын саясатын жайылтууда деген сын-пикирлерди угуп калабыз… 

- Менде жана менин кесиптештеримде деги эле батыштын саясатын колдоо менен пайда табалы деген ой жок. Үч уктаса түшкө кирбеген сөздөрдү элден угуп таң кала берем. Биринчиден, биз өзүбүздүн мыйзамдуу жумушубузду аткарып жатабыз. Экинчиден, бейтаптардын ден соолугу өтө маанилүү. Үчүнчүдөн, мен батыштын эмес, өзүбүздүн саясаттан алыс жүргөн, кесибимди гана сүйгөн адаммын. Кыргыз элинин саламаттыгын эч бир байлыкка алмаштырганга акым да, укугум да жок. Батыштын ыплас жактарын туураган жаштарга карап "келечек кандай болот?" деп ар убак түйшөлүп келем. Булар тууралуу доктур катары айта турган болсом, өмүр бою эркек же аял эмес болуп кыйналып жүргөнчө бир тарабына ооп алганы жакшы го. Катардагы адам катары айтсам, буларга таң калам жана каршымын. 

- Операцияга кезек күткөн­дөр барбы? 

- Албетте бар. Мени таң калтырганы жапжакшынакай, алдуу-күчтүү кыргыз жигиттер келип аял болгулары келгенин айтышат. Алгач келгенде "балким ойлонуп көрчү" деп көп убакытка чейин ар шылтоону айтып операция кылбай кечеңдетем. Бирок эмнегедир таптакыр болушпайт, психиатрдан кайра-кайра аныктама алып келип, ойлогондорунан кайтпай койгондо айла жок өз жумушумду аткарам.


Азизова Ариадна: "Мага төшөк мамилесинде болууга тыюу салышты"

- Ариадна - жынысыңызды алмаштыргандан кийинки ысымыңыз да, ээ? 

- Ооба, менин мурунку атым Шергозу болчу, Ариадна деген ысымды өзүм тандап койгом. Жаңы паспортумда ушундай жазылган. Мен азыр Өзбекстандын Фергана шаарында турам. Медсестра болуп иштейм.

- Бул операцияны кылдырып алгандан кийин өкүнгөн жоксузбу? 

- Мен кыз болууну бала чагыман самап, кыялданып келгем. Мынакей менин кыялдарым орундалып, учурда абдан бактылуумун. Операциядан кийин ден соолугум начарлады, бирок гормоналдык дарыларды алганда үнүмдүн, дене-боюмдун айымга окшошо баштаганына сүйүнүп жүрөм.

- Азыр абалыңыз кандай?

- Жакында Ташкентке барып текшерүүдөн өтүп келдим. Ал жактан жыныс кынымдын оозу кичирээк болуп калгандыгын айтышып, бир жылга жакын, же андан ашык убакыт төшөк мамилесине барууга тыюу салганда бир аз капаландым. Бирок билесизби, жан дүйнөм эс алып канааттанып турганда бул деле мага маанилүү эмес. Быйыл турмушка чыкмакмын, бирок ушул маселеден улам жигитим экөөбүздүн үйлөнүүбүздү кийинки жылга калтырдык. 

- Канча балалуу болгуңуз келет? 

- Мен балалуу болгум келбейт, анткени өмүр бою апамдын он бала баккан түйшүгүн көрүп тоюп калгам. Өзүм үчүн гана сулуу айым болуп жашагым келет. Инимдин үч кызы бар, алар мени аябай жакшы көрүшөт. Болгон байлыгымды калтырсам карыганда алар мени багат деп ишенем. 

- Операцияга канча каражат сарптадыңыз? 

- Мен андай маалыматты бере албайм. Жакшы эле кетет...

Ызаат Тургунбаева

Булак: "lady.kg"

Последние новости