www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качан гана сенден чалуу келгенде мен өзүмдү бактылуу сезип, төбөм көккө жетип, так секире сүйүнчүмүн. Түнкү саат 3. Адаттагыдай видео чалуу аркылуу күндү түнгө, түндү күнгө улап сүйлөшүп олтурабыз. Аттиң, бул чалууң акыркы жолу болгонун билгенимде жооп бермек эмесмин!

Убакыт учкан куш деген сөзгө дагы бир ирет ынандым. Анткени сен менен телефон аркылуу өткөн сүйүүм 5 ай гана экен. Бул убакыт кимдир бирөөгө узактыр, а билким дагы бирөөгө эч нерсе эмес. Бирок, ошол  5 ай мен үчүн жашоомдогу эң бактылуу мүнөттөрүм экен. Сен ар дайым “мен убада бербейм” айтчусуң . Аткара албай калгандан корком дечүсүн. Көрсө жүрөгүң сезген тура.

1 айга созулган таарынышуу сага башка кызды алып келет деп ойлогон да эмесмин. Макул, ойлодум да дейли. Бирок, мени эмес аны тандап кетишиң жети уктап түшүмө да кирбеген. Албетте, сен мени, мен сени колубузду кармап жашоодо жүзмө-жүз жолуккан жокпуз. Видео аркылуу кадалган каректер, көздөр аркылуу сүйлөшүлгөн сезимдер. Сүйүшкөн жүрөктөр жашоодо жолукпады.

Бир нерсе деп айтуу кыйын. Убакыт көрсөтөт!  Бул менин сага берген суроолорумдун жообу эле. Мына убакыт көрсөттү. Сен мени эмес, башканы тандадың.

Булак: "oshpirim.kg"

Последние новости