www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2003-жылы Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын ишине чейин Кумтөрдөгү калдыктар мөңгүлөргө ыргытылганын эч ким билген эмес. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 17-апрелде парламенттин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мөңгүлөр жок болуп бара жатканын эч ким билген эмес.

«2011-жылга чейин Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө 1 миллиард тонна калдык ташталган. 2004-жылы Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия бул фактыны тастыктады. 256 миллиард сом же 5 миллиард доллар өлчөмүндөгү айып пул төлөнгөн эмес», - деди ал.

А.Жапаров бул фактылар боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, ал 2 жылдан кийин токтотулгандыгын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости