www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында «Кумтөр» боюнча маселе каралууда. Анда баяндаманы «Кумтөр» боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров жасап жатат.

«Кендин 84,3 пайызына, башкача айтканда кенге дээрлик өзү ээ болуп алган «Центерра» өлкөнүн мыйзамдарын, кызыкчылыктарын сыйлаган жок. Келишимдердин шарттарын «Центерра» дайыма одоно бузуп келген. Давыдов жана Лысый мөӊгүлөрүнө 1995-жылдан 2011-жылга чейин 1 миллиард тоннадан ашык калдык төгүлгөн. Көз карандысыз эксперт Динара Кутманова 5 миллиард 400 миллион доллар деп эсептесе, мамлекеттик комиссия 141 миллион доллар деп эсептеген.

Иш жүзүндө мыйзамдын талаптары аткарылган эмес. 2013-жылдын 31-августунда Башкы прокуратура экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин ачып, 2 жылдан кийин токтотуп салган», - деди Акылбек Жапаров.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Эске салсак, 12-майда Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын» билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости