www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүүдө. Анда баяндаманы Кумтөр боюнча комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров жасап жатат.
"Бардык президенттер учурунда Кумтөр боюнча комиссиялар түзүлгөн. Бирок алардан олутту майнап чыккан эмес. Кыргыз мамлекетинин 4 президенти тең Кумтөр маселесин толук кандуу аягына чыгарып, чечим чыгарганга эрктерин топтой алышкан эмес. Комиссия түзбөгөн жалгыз президент Роза Отунбаева болгон. Элдин мүдө талабын аткарууга бийлик өкүлдөрү дагы бир мүмкүнчүлүк алып жатабыз", - дейт ал.
Эске салсак, 12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын» билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg