www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын жарым миллиард сом которулуп турат. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда парламентте өкмөттүн сунушталган жаңы курамы каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.

«Баткен облусу кандай болуп өзгөрөрүн эки-үч жылда көрө аласыңар. Сиздердин тапшырмаңыздар менен жакынкы арада Баткендин өнүктүрүү фонду болот.

Жыл сайын 500 миллион сом бөлүп турабыз. Мындан тышкары чет мамлекеттерден, эл аралык финансылык институттардан, баарынан сурандык. Жакынкы 5-10 жыл ичинде Баткен жана Нарын облусуна болгон финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз.

Баткен биздин эң алыскы эмес, Кыргызстан баштала турган облусубуз. Баткенге түздөн-түз көңүл бурабыз. Эки-үч жыл ичинде Баткен облусу кандай болуп өзгөргөнүн көрөсүздөр», - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Баткен облусу борбордон эң алыс жайгашкан, Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен тилкесиндеги аймак. Коңшулар менен чек ара такталып бүтө элек болгондуктан жер, суу талаш маселелери утур катталып турат.

Эске салсак, быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргыз, 19 тажик жараны көз жумган. Жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости